Кыргызстанда жылдын I жарымында ИДПнын көлөмү 560 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда жылдын I жарымында ИДПнын көлөмү 560 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июнь айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

 

Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 560 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га өскөн.

 

Керималиева өсүш товарларды өндүрүүнүн – 28,8%га, кызмат көрсөтүүнүн – 51,7%га, салыктык түшүүлөрдүн – 19,5%га өскөндүгүнө негизделгенин кошумчалады.

Связанный пост