Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет

 Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

 

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин дагы 20 скважина ишке берилет.

 

Ошондой эле “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курулушу акыркы этабы аткарылууда.

 

Нефть өндүрүү жана кайра иштетүү иштеринин башталышы менен 350-400 жумушчу оруну түзүлөт. Инвестициянын жалпы көлөмү 90 млн АКШ долларына жетет.

 

Белгилей кетсек, Кадамжай районундагы “Түндүк Сох” жана “Чоңгара Галча” мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн 2024-жылдын 9-февралында мунай жана газ өндүрүү үчүн лицензиялык келишим алынган. Ага ылайык, “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К – НефтьГаз” ААКсы мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча биргелешип иштейт.

Связанный пост