Кыргызстанда жыл ичинде 20 миң гектардан ашык жер трансформацияланган
Жыл башынан тарта министрлер кабинетинин чечимдери менен жалпысынан 20 миң 291,14 гектар жер которулду (трансформацияланган). Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен:
- калкту конуштарга 302,82 га;
- логистикалык борборлорго 14,37 га;
- дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га;
- пляждык аймакка 14,8 га;
- застава 200,0 га;
- инвестициялык долбоорлорго 19437,0 га;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарына 124,0 га;
- өнөр жай объектилерине 152,02 га.