Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 7,1% түздү

 Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 7,1% түздү

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 7,1 пайызды түзгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын эң чоң өсүшү 8,9 пайызды түзгөн. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 7,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,7 пайызга, ал эми азык-түлүк эмес товарларга 5,6 пайызга өскөн.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.

Мисалы, Ош шаарында эң чоң өсүш 9 пайыз, негизинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын бааларынын 12,1 пайызга өсүшүнө байланыштуу катталган.

Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын эң чоң өсүшү Чүй облусунда (10,5 пайыз), азык-түлүк эмес товарларга Баткен облусунда (8,1 пайыз) жана кызмат көрсөтүүлөрдө 10,4 пайызга өсүш болгон.

Связанный пост