Кыргызстанда жыл башынан бери ИДП 8,7% көбөйдү
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайыу, 2024-жылдын январь-июлунда, ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 677 млрд. сомдон ашты жана 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 8,7 пайызга көбөйдү.
2024-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 миллиард сомду түздү жана 2023-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу тазаланган муңайзат продуктулары (1,7 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердик (31,7 пайызга), тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (20,0 пайызга), фармацевтикалык продукция (20,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарын өндүрүү (10,3 пайызга), текстиль өндүрүшү жана кийим тигүү (7,2 пайызга) көбөйүүсүнүн эсебинен өндүрүш көлөмүнүн өсүшү 0,8 пайызга жогорулады.
Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 43,3 пайызды, дүң жана чекене соода – 33,0 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,6 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,3 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 7,0 пайызга, азык – түлүк эмес товарларга – 2,4 пайызга, тамак – аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 0,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер -3,7 пайызга жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун (0,4 пайызга төмөндөө) кошпогондо, керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,2 пайыз) Бишкек шаарында катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак – аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (2,1 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (4,7 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июнь айларында 7,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,2 пайызга ал эми импорттук келип түшүүлөр 12,4 пайызга өстү.
2024-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2,0 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,6 пайыз) жана Казакстанга (26,5 пайыз) туура келди.