Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 24 миң жаранга пенсия чегерилди
Социалдык фонд 2024-жылдын январь-апрель айларында 23 миң 928 жаранга пенсия чектеди.
Фонддон билдиришкендей, анын ичинде апрель айында 5 миң 514 жаранга пенсия чектелди.
Ошондой эле эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 282 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.