Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 53432 жаранга пенсия чектеди.
Ошонун ичинде 2023-жылы сентябрь айында 3864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.