Кыргызстанда жыл башынан бери 2,7 миң өрт катталып, 34 адам каза тапты

 Кыргызстанда жыл башынан бери 2,7 миң өрт катталып, 34 адам каза тапты

 Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 11 айында 2 миң 732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза таап, 22 адам жабыркаган.

Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 290 млн 195 миң сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса, жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.

Связанный пост