Кыргызстанда жумушсуздук 22,2%га кыскарды

 Кыргызстанда жумушсуздук 22,2%га кыскарды

 2024-жылдын 1-июлуна карата жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 81,5 миң адамды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин материалында маалымдалгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га аз, анын ичинен жумушсуз катары катталгандардын саны – 58,2 миң адам, же 22,2%га аз.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 45,2%ын аялдар түзөт. Ал эми жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,1%ды түзөт.

Связанный пост