Кыргызстанда жумушсуздук 18,9% төмөндөдү

 Кыргызстанда жумушсуздук 18,9% төмөндөдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматты боюнча, жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 1-августка карата 79,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комиттетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18,9 пайызга аз, анын ичинен катталган жумушсуздардын саны 57,6 миң адам же 21,7 пайызга аз.

 

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 45,7 пайызы аялдарга туура келет. Ал эми жумушсуздуктун деңгээли жумушчу күчүнүн жалпы санынын 2,1 пайызын түздү.

Связанный пост