Кыргызстанда жумушсуздардын 56% ашыгын жаштар түзөт

Кыргызстанда жумушсуздардын 56 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев өлкөнүн жаштарынын эмгек рыногун изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарынын презентациясы учурунда билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, изилдөө Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардамды жана эмгек рыногунун программаларын бекемдөө” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууну эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев ачып, экономикалык өзгөрүүлөр жана жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр шартында жаштар жумушка орношуу көйгөйүнө туш болуп жатканын белгиледи.
“Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөдөгү жумушсуздардын 56% дан ашыгын жаштар түзөт. Ушуга байланыштуу министрлик кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаштардын стажировкалары боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. 1-февралга карата 659 стажер окуудан өтүп, алардын 128и жумуш тапты,”-деди ал.
“Эрфолг Консалт” ЖЧК консалтингдик компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн алкагында эмгек рыногу талданган жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жаштардын квалификациясынын шайкеш эместиги, практикалык тажрыйбанын жоктугу жана кесиптик көндүмдөрдүн деңгээлинин төмөндүгү сыяктуу негизги көйгөйлөр аныкталган.
Ошондой эле IT, тигүү өндүрүшү, айыл чарба, курулуш, туризм, билим берүү жана башкалар сыяктуу жумушка орношуу үчүн артыкчылыктуу тармактар белгиленди. Изилдөө көрсөткөндөй, жаш адистер жумушка орношууда көп кыйынчылыктарга туш болушат, бул кадрлардын ири шаарларга жана чет өлкөлөргө кетишине шарт түзөт.
Презентация мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоо, анын ичинде стажировка программаларын киргизүү жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык келүү үчүн билим берүү стандарттарын жакшыртуу менен аяктады.