Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө

 Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө

Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга чейин өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан дыйкандар көбүнчө импортко көз каранды эле. Бул болсо багбанчылыктын чыгымын кымбаттаткан.

Акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайды. Натыйжада кыргыз питомниктери өнүгүп, жергиликтүү көчөттөргө ишеним артып жатат. Алар сапаттуу гана эмес, биздин шартка мыкты ылайыкташкан.

“Арпа Сай Береке багы” айыл чарба кооперативи 2025-жылы эле 1 млн 300 миңден ашуун көчөт өндүрүп, дыйкандарга таратты. 2026-жылдын жазына карата дагы 1 млн 500 миңден ашуун көчөт даярдалууда.

Учурда питомник цитрус өсүмдүктөрүн – мандарин, апельсин сыяктуу жемиштерди да өстүрүп көрүүдө. Бул багыт ийгиликтүү болсо, кыргызстандык фермерлер түштүк жемиштерин да өстүрө алышат.

“Арпа Сай Береке багы” айыл чарба кооперативи – өлкөнүн алдыңкы чарбаларынын бири болуп, фермерлерди сапаттуу көчөттөр менен камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга салым кошууда.

Связанный пост