Кыргызстанда жер титиреди
14-ноябрда саат 17:57де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Каратай айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Ош шаарынан чыгышка карай 2,5 чакырым аралыкта жайгашып, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында 3,5 баллга, Ош шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.