Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомду түздү

2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын жан башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 миң 758 сомду түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11 пайызга өскөн.
Кыргызстандын бардык аймактарында III кварталда жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү белгиленди.
Жашоо минимумунун түзүмүндөгү азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар – 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт.
Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.