Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

 Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

2024-жылдын үчүнчү кварталында республика боюнча калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.

Маалыматка ылайык, эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү.

Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8 миң 172,95 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7 миң 376,09 сомду түздү.

Связанный пост