Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди

Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук жалпы билим берүү системасын куруу, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берүүчү, улуттун социалдык-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу сапаттуу билим берүүгө коомдун муктаждыктарын канааттандыруу максатында иштелип чыккан.
Токтомдо тиркемеге ылайык бекитилген, мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) бирдиктүү билим берүү мейкиндигин социалдык кепилдөөнү жана сактоону;
2) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну;
3) жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын улантуучулугун;
4) билим берүүнүн сапатын башкарууну;
5) Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү;
6) Мамстандартты ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына, ошондой эле башталгыч кесиптик, педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына карата талаптарды аныктоо үчүн негизди.
Ал эми билим берүү процессин уюштурууда жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы (мындан ары – БОП) төмөнкү билим берүү деңгээлдери боюнча иштелип чыгат:
– башталгыч жалпы: 1‒6-класстар;
– негизги жалпы: 7‒9-класстар;
– орто жалпы: 10‒12-класстар.
Ошондой эле мектеп окуучуларынын билимин баалоо системасы да өзгөрдү. Токтомго ылайык, билим алуучулардын билим берүүдөгү жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста баалоонун: диагностикалык, калыптандыруучу (формативдик) жана суммативдик үч түрү колдонулат.
Окутуунун деңгээлдери боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү.
1–3-класстарда баа коюлбаган система колдонулат – жетишкендиктерди баалоо педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берүүчү сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат. Жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапатты сыпаттоочу баалоого гана жол берилет.
Төмөнкүлөр бааланбайт: билим алуучунун ишинин темпи, инсандык сапаттары, алардын психикалык процесстеринин өзгөчөлүгү (эс тутумдун, көңүл буруунун, кабылдоонун өзгөчөлүктөрү, ишинин темпи ж.б.).
4–6-класстарда академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүү, аларды көз карандысыз баалоо изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен салыштыруу, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн баллдык система киргизилет.
7–12-класстарда класс ичиндеги баалоо критериалдык, билим берүүнүн натыйжаларына карата прогрессти аныктоого, окутуунун ички мотивациясына дем берүүгө, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
12-классты аяктагандан кийин жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт, анын форматы жана мазмуну профилдештирүү багыттарын эске алат. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары кесиптик окуу жайларына тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.