Кыргызстанда январдан тарта 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулады

 Кыргызстанда январдан тарта 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулады

1-январдан тарта республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулатылды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Алсак, токтомго ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджетте 999,4 млн сом өлчөмүндө каражат кошумча каралган.

Бул каражаттар жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.

Мындан тышкары, тамактанууга төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:

– жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) – 90 сом;

– кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) – 60 сом;

– мектеп жашындагы балдар үчүн санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда 165 сом;

– атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда – 213 сом;

– орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн – 100 сом;

– жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна – 160 сом;

– Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине – 489 сом, камкорчулукта (көзөмөлчүлүккө) болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) – 60 сом;

– олимпиадаларды, кароолорду, окуу жыйындарын, шоуларды, мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортчулар жана катышуучулар үчүн – 120 сомдон 489 сомго чейин.

Связанный пост