Кыргызстанда январь-октябрда керектөө баалары 8,3 пайызга өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 8,3 пайызды түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 8,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 7,9 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 7 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 9,1 пайызга жогорулаган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды.