Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү компаниялар белгилүү болду

 Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү компаниялар белгилүү болду

Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө 200 лицензияланган компания иш алып барууда. Бул тууралуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын башчысы Фархат Иминов Binance Bishkek Meetup иш-чарасында сүйлөп жатып билдирди.

Ал Кыргызстан Борбор Азия аймагында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн алдыңкы темптерин көрсөтүп жаткандыгын маалымдады.

“Кыргызстан алдыңкы эл аралык компаниялар жана технологиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты активдүү жолго коюуда. Виртуалдык активдер жаатындагы ири глобалдык экосистемалардын бири болгон Binance менен кызматташууга өзгөчө маани берилүүдө. Биргелешкен иштер виртуалдык активдер рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, криптосабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга, Binance академиясынын базасында билим берүү программаларын ишке киргизүүгө, ошондой эле инновациялык чечимдерди киргизүү жана тунук регулятивдик чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоого багытталган. Бул аракеттер инвестицияларды тартууга, инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана глобалдык виртуалдык активдер рыногуна интеграцияланууга жөндөмдүү туруктуу экосистеманы түзүүгө шарт түзөт”, – деп белгиледи ал.

Связанный пост