Кыргызстанда уй менен койдун эти кымбаттады

 Кыргызстанда уй менен койдун эти кымбаттады

Кыргызстан Россия жана Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Мониторинг – нан азыктары, картошка, жашылча, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалар боюнча жүргүзүлгөн.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда сары май 0,2%, уй эти 1,2%, кой эти 0,3%, картошка 0,8%, сабиз 0,5% кымбаттап, пияз 4,1% арзандады.

Казакстанда жумуртка 0,2%, картошка 0,2%, уй эти 0,1%, биринчи сорттогу буудай унун 4,8% арзандады.

Россияда пастерленген сүт 0,2%, макарон 0,2%, сабиз 0,6%, пияз 0,6% кымбаттады, биринчи сорттогу буудай унунун баасы 1,5% арзандады.

Связанный пост