Кыргызстанда тышкы соода жүгүртүү 8,3 пайызга төмөндөдү
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-сентябрында 11 269,8 млн долларды түздү.
Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,3 пайызга төмөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 3 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 845,8 млн долларын түздү. Бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,8 пайыз) жана Казакстанга (31,8 пайыз) туура келди.
