Кыргызстанда туризм 1 млрд долларлык чекти ашты

 Кыргызстанда туризм 1 млрд долларлык чекти ашты

Кыргызстанда туризм 1 млрд долларлык чекти ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн туристтик тармагы сапаттуу өсүштү көрсөтүп, улуттук экономикадагы ордун бекемдеди. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1 млрд АКШ долларынан ашып, 1,098 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га жогору.

Министрликтен белгилешкендей, өсүш төмөнкү факторлордун комплекси менен камсыздалды:

  • Кыргызстанды эл аралык деңгээлде активдүү илгерилетүү;
  • туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө сапатын жогорулатуу;
  • туристтик агымдардын географиясын кеңейтүү;
  • ички туризмдин жана региондордогу ишкердик активдүүлүктүн өсүшү.

Белгиленгендей, учурда туристтик тармакта болжол менен 129 миң чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барууда.

“Кыргызстан Борбор Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары өз позициясын бекемдөө боюнча стратегиялык курсун ырааттуу ишке ашырууда. Негизги артыкчылыктуу милдеттердин катарына жыл бою иштеген туризмди өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү, жаңы туристтик продукттарды түзүү жана эл аралык кызматташууну күчөтүү кирет”, – деп белгилейт министрлик.

Связанный пост