Кыргызстанда тогуз айда 129 өзгөчө кырдаал катталды

 Кыргызстанда тогуз айда 129 өзгөчө кырдаал катталды

Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин төрагалыгында коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу ведостводон маалымдашты.

 

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 9 айдагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, IV кварталда аткарылуучу негизги милдеттер баса белгиленди.

 

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев жана ӨКМге караштуу башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери, коллегия мүчөлөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов 9 ай ичиндеги ишмердүүлүктү баяндады.

 

Ал жыл башынан тарта Кыргызстандын аймагында катталган өзгөчө кырдаалдарга, кырсыктарга жана өрт, суу кырсыктарына, алардын адам өлүмү менен коштолуусуна жана материалдык чыгымдарына 2023-жылдын статистикасына салыштыруу менен кеңири токтолду.

“Өлкө аймагында быйылкы жылдын 9 айында 129 өзгөчө кырдаал катталып, сел жүрүү, суу ташкыны, катуу шамаал, чагылган жана унаалардын ири жол кырсыктары сыяктуу кырдаалдарды өзүнө камтыды. Ал эми сел кырсыгында 5354 турак үйдү каптап, 102 турак үй авариялык абалга келсе, 135 унаа зыянга учурап, 138 турак үйдү капиталдык ондоого туура келген. Эң өкүнүчтүүсү – селден 22 адам каза болду”, – деди баяндамачы.

 

Анын айтымында, адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында өзгөчө кырдаалдар катталган аймактардан 5563 адам эвакуацияланып, сел кесепеттерин 10976 адам (куткаруучулар, жергиликтүү кызматкерлер, жашоочулар) жоюп, 1183 инженердик техника, мотопомпа колдонулган. 5354 турак жай, короо жана 84 социалдык мекеме тазаланган.

 

Ошондой эле Эделбек Кулматов ӨКМге караштуу башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын 9 айдагы ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп, алардагы жетишкендиктерге жана кемчилигине токтоло кетти. Мындан сырткары акыркы кварталда аткарчу милдеттерди атады.

 

Жыйындын соңунда министр Бообек Ажикеев министрликке караштуу мекемелердеги ийгиликтерди мурунку жылдардын статистикасына салыштырмалуу, баса белгилеп, мындан ары да өнүктүрүүнү жана бардык тармактарга милдеттерди так аткаруу тапшырмасын берип, ийгиликтерди каалады.

Связанный пост