Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод куруу үчүн меморандумга кол коюлду

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын аймагында түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат.

Ал үчүн бүгүн кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, ал эми түрк тараптан Түркия Республикасынын “Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.” (Akplas компаниясы) компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Анда Akplas компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда компаниянын потенциалы тууралуу маалымат берип, тармактагы 35 жылдык тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Белгилүү болгондой, тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этап менен 10 млн доллар инвестиция салынат. Курулуш иши толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилээри күтүлүүдө. Завод курууга жалпы аянты 10 гектар жер керектелет.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерге мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бардык маселелер кыска убакыттын ичинде комплекстүү чечилиши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сууну натыйжалуу колдонуу зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн бардык райондорунда бул система ишке ашырыларын жана суу ресурстары тармагындагы бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук долбоор макамы берилерин кошумчалады.

Өз кезегинде Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин мамлекеттин колдоосу болуп турса, компания кыска убакыттын ичинде натыйжа көрсөтөрүн билдирди, ошондой эле компания алгачкы этапта дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзүүнү өзүнө алат.

Связанный пост