Кыргызстанда тамак-аш азыктарын, суусундук, тамеки өндүргөн 415 ишкана катталган

 Кыргызстанда тамак-аш азыктарын, суусундук, тамеки өндүргөн 415 ишкана катталган

Кыргызстанда аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы убакта иштеп аткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар каттал.

Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусунда – 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 38;
  • Ош облусунда – 28;
  • Ысык-Көл облусунда – 25;
  • Нарын облусунда – 11;
  • Талас облусунда – 4;
  • Чүй облусунда – 136;
  • Бишкек шаарында – 146;
  • Ош шаарында – 20.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10 813 жеке ишкерлер катталган, анын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусунда – 1214;
  • Жалал-Абад облусунда – 1499;
  • Ысык-Көл облусунда – 712;
  • Нарын облусунда – 562;
  • Ош облусунда – 3021;
  • Талас облусунда – 194;
  • Чүй облусунда – 1815;
  • Бишкек шаарында – 1093;
  • Ош шаарында – 703.

Бүгүнкү күндө 32 ишкана ХАССП (HACCP), ISO 22000 жана Global G.A.P. эл аралык тамак-аш коопсуздугу жана сапатыны стандарттарын ийгиликтүү колдонуп жатат. Бул стандарттар тамак аш коопсуздугун жана эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналат.

30-январь күнү “Агродиалог” алкагында аталган стандарттарды ийгиликтүү ишке ашырган компаниялардын өкүлдөрү төмөнкү багыттар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшөт:

– ХАССП жана Global G.A.P. стандарттарын өндүрүш процессине киргизүүнүн практикалык кадамдары жана жолдору;
– эл аралык стандарттарды колдонуу менен ишканалар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр;
– жаңы рынокторго чыгуу перспективалары, керектөөчүлөрдүн ишенимин арттыруу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу.

Бул тажрыйба алмашуу эл аралык стандарттарды колдонууга жаңыдан камынып жаткан жана өз продукциясынын сапаты менен коопсуздугун жакшыртууга умтулган ишканалар үчүн баалуу ресурс болуп калат.

“Баарыңызды бул талкууга активдүү катышууга жана азык-түлүк коопсуздугу менен сапаты боюнча эл аралык стандарттарды колдонуу тууралуу кеңири маалымат алууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Агродиалог – 2025” иш-чарасынын 2025-жылдын 28-29-30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт.

Связанный пост