Кыргызстанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун маданият күндөрү башталды 

Бүгүн, 12- июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата түрк тилдүү элдердин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Эл аралык Түрк маданияты“ТҮРКСОЙ” уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы, Жакшыбек Джунушев, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев баштаган бир катар сүрөтчүлөр, маданият ишмерлери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Эл аралык Түрк маданияты“ТҮРКСОЙ” уюмунун  Башкы катчысы Султан Раев сүрөт көргөзмөнүн максаты түрк мамлекеттерин бириктирүү, түрк элдеринин ортосундагы жалпы материалдык жана маданий эстеликтерди сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналаарына токтолуп, уюм мында ары өзүнүн миссиясын татыктуу улантат деп жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейиндеги көргөзмөдөн фонддо бар Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын сүрөтчүлөрүнүн живописи жана скульптураларын көрүүгө болот.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) түзүлгөндөн берки 30 жылдын ичинде маданияттын жана искусствонун бардык тармактарын камтыган түрдүү иш-чараларды уюштуруу менен түрк элдеринин интеграциясына зор салымын кошуп, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын даңазалоо жана келечек муундарга жеткирүүгө далалат кылып келет.

Связанный пост