Кыргызстанда шаарлардагы креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди
2024–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шаарларында креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документ министрлер кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамды так аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.
Иш-чаралар планын өз убагында аткаруунун мөөнөтү белгиленген.
Креативдүү кластерлерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы 9 тапшырмадан турат, алар:
- шаарларда креативдүү кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- креативдүү индустрия боюнча өз бренддерин илгерилетүү үчүн аларды региондук (шаардык) деңгээлде калыптандыруу;
- региондордо (шаарларда) креативдүү хабдарды, чыгармачыл инкубаторлорду жана борборлорду уюштуруу;
- региондордо (шаарларда) креативдүү экономиканын калк үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун жайылтуу;
- региондордо (шаарларда) жаштардын арасында креативдүү индустрияларга кызыгуусун жогорулатуу;
- региондордо (шаарларда) өсүп келе жаткан муун жана кызыкдар адамдар үчүн кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүү;
- региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк моделдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү МЖӨ долбоорлорун пайдалануу;
- “Кыргызстандын креативдүү картасы” санариптик платформасын жана “Маданий маршрут” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү.