Кыргызстанда сүт, пияз жана картошка арзандады

 Кыргызстанда сүт, пияз жана картошка арзандады

1-июлга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын баалары боюнча салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мониторингдин жыйынтыгында өлкөлөр боюнча төмөнкүдөй өзгөрүүлөр аныкталды:

Кыргызстанда:

Арзандагандар: пастерленген сүт 9,8%, баш пияз 9,2%, картошка 8,3%.

Кымбаттагандар: Күн карама майы 6%га, каймак май (0,9%), кой эти (0,8%), сабиз (0,7%), кумшекер (0,2%), уй эти (0,2%) жана 1-сорттогу жергиликтүү ун (0,2%) бир аз жогорулаган.

Казакстанда:

Арзандагандар: Жумуртка (9,8%), картошка (8,6%), кумшекер (6,7%), сүт (6,5%), ун жана күрүч (5,5%).

Кымбаттагандар: Вермишель (9,6%), каймак май (9,5%), спагетти (4,4%), күн карама майы (1,1%), пияз (0,6%) жана нан (0,3%).

Россияда:

Арзандагандар: Жумуртка (0,7%), кой эти (0,5%), каймак май (0,2%), ун (0,2%), сүт жана өсүмдүк майы (0,1%).

Кымбаттагандар: Пияз (0,8%), картошка (0,5%), сабиз (0,3%), кумшекер (0,3%), макарон жана уй эти (0,1%).

Связанный пост