Кыргызстанда QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү көбөйүүдө
Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн негизги тенденцияларын айтып берди.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата – 38,9 миң QR-код орнотулган.
Аймактар боюнча орнотулган QR-коддордун саны:
Баткен облусунда – 1630;
Жалал-Абад облусунда – 4719;
Ысык-Көл облусунда – 3205;
Нарын облусунда – 1245;
Ош облусунда – 5678; Талас облусу – 1361;
Чүй облусунда -1361;
Бишкек шаарында 24984.