Кыргызстанда пакеттерди импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда

 Кыргызстанда пакеттерди импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда

Бүгүн, 29-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоорлорунун топтому  каралды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасында полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору полимер материалдарынан оромдоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана соода жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз берүүгө мыйзам тарабынан белгиленген тыюуну бузгандыгына жоопкерчилик чараларын белгилөө жолу аркылуу, полимер материалдардын Кыргыз Республикасында ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин кыскартуу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда колдоп беришти.

Ошондой эле, Жогорку Кенештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Алсак, бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90% өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Бул долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган.

Связанный пост