Кыргызстанда орточо эмгек акы 42,7 миң сомду түздү

 Кыргызстанда орточо эмгек акы 42,7 миң сомду түздү

2025-жылдын январынан сентябрына чейин бир кызматкердин орточо айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 42 757 сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,5 пайызга көп.

Инфляцияны эске алганда, реалдуу эмгек акынын өлчөмү 10,9 пайызга жогорулады. Бул кызматкерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү иш жүзүндө өскөнүн көрсөтөт.

Орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи бардык экономикалык ишмердүүлүк боюнча өскөн. Эң чоң өсүш төмөнкү тармактарда катталган:

  • кыймылсыз мүлк менен операциялар – 35,9 пайыз;
  • курулуш — 34,7 пайыз;
  • административдик жана көмөкчү иш – 29,1 пайызга;
  • профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк – 29,0 пайызга;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздандыруу – 26,9 пайызга;
  • саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар – 26,2 пайызга;
  • мейманкана жана ресторандар – 24 пайызга;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 18,3 пайызга.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча эмгек акынын туруктуу өсүшү жана экономиканын негизги тармактарында эмгек рыногундагы позициялардын чыңдалышы байкалды.

Связанный пост