Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 55 миң сомдон ашты

 Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 55 миң сомдон ашты

Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 55 миң сомдон ашты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–август айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 55 079 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7%га көп.

Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 16,1%га өстү.

Эмгек акынын эң жогорку өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:

  • Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 1,5 эсеге;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө — 49,1%га;
  • Билим берүү — 44,5%га;
  • Курулуш — 37,6%га;
  • Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 35,7%га;
  • Айыл, токой чарбасы жана балык уулоочулук — 30,8%га;
  • Суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү — 30,6%га.

Ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында эмгек акы 24,5%га, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында 23,5%га, административдик жана көмөкчү ишмердикте 22,0%га өстү.

Связанный пост