Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо качан башталарын айтып берди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат.
Ал эми 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.
Орозо 30 күнгө созулат. Салт боюнча мусулмандарга бир ай бою күндүзгү убакта тамактанууга болбойт.