Кыргызстанда ондон ашык жатак абактары жоюлат

 Кыргызстанда ондон ашык жатак абактары жоюлат

Кыргызстанда ондон ашык жатак абактары жоюлат. Бул тууралуу бүгүн брифингде юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, түзөтүү мекемелери – бул түрмөлөр, ал эми колония-поселениелер – жатак абактары.

“Бирок, бул адамдардын жатак абактарга келип, каттоого туруусун токтотту. Андан кийин биз пробацияны киргиздик, ошентип эки система бири-бирин кайталап калды. Ошондой эле кадрлардын жетишсиздиги бар эле. Эми бул жатак абактары жоюлуп, бардыгы пробация системасына өтөт”, – деди ал.

Министр белгилегендей, алгач беш жатак абагы, андан кийин дагы бешөө жоюлат.

Связанный пост