Кыргызстанда Намибия өлкөсүнүн паспорту даярдалды
Кыргызстанда Түштүк Африканын эки өлкөсүнүн паспорту даярдалды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.
“Бүгүн, 10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар муну менен гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Бул ири жетишкендик — президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки менен мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын ачык далили”, -деп жазды Туманбаев.
Ал мурда Кыргызстан өзүнүн биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө — башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келгенин, бүгүнкү күндө тескерисинче, Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоп, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланып бара жатканын белгиледи.