Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө жобо бекитилди

Президенттин Кыргызстадын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салууга багытталган жарлыгын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети тиешелүү Убактылуу жобону бекитти.
Документ белгиленген миграциялык эрежелерди бузуу менен өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун ыктыярдуу мыйзамдаштыруунун так тартибин белгилейт.
Документтин жоболоруна ылайык, өз статусун жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктуу органдарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тийиштүү уруксат берүүчү документтерди тариздеп, мурда кетирилген укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликтен кутула алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызыкдар тараптарды мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо үчүн масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн өткөрүү тапшырылды.
Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду, ал расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.