Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

 Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкары сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайр иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 3-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Министрлер кабинетинин чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдан тышкары минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө карата колдонулат.

Бирок, ташылып келинген минералдык жер семирткичтердин сапаты белгиленген талаптарга жооп бербесе, анда бул тыюу аларды реэкспорттоодо колдонулбайт.

Белгилей кетсек, минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну киргизүү улуттук кызыкчылыкты коргоого, ата мекендик айыл чарбасын колдоого жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган стратегиялык маанилүү чечим болуп саналат.

Связанный пост