Кыргызстанда мамлекеттик криптовалюталык резерв жана майнинг түзүлөт

 Кыргызстанда мамлекеттик криптовалюталык резерв жана майнинг түзүлөт

Кыргызстанда санариптик активдер жаатындагы улуттук стратегиянын элементтери катары “мамлекеттик криптовалюталык резерв” жана “мамлекеттик майнинг” түшүнүктөрү киргизилүүдө. Бул тууралуу КР президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди.

Иминов улуттук кеңештин 2025-жылдын 3-майындагы биринчи отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө баяндама жасап, катчылыктын иши Кыргызстанда виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн укуктук жана институционалдык шарттарын өркүндөтүүгө багытталганын белгиледи.

“Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында катчылык Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте КР “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдүн пакетин даярдады. Ага стейблкоиндердин, ошондой эле реалдуу активдер менен камсыздалган токендердин (RWA) укуктук аныктамасын бекитүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди. Инновациялык финансылык чечимдерди коопсуз апробациялоо максатында “регулятивдик кум салгыч” механизмин киргизүү каралууда.

Жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ыйгарым укуктарды президент жана министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда бөлүштүрүү сунушталууда”, – деди ал.

Ал улуттук кеңештин ишин институционалдык жактан камсыздоодо негизги кадам – анын аткаруучу органы болгон, мамлекеттик мекеме статусу берилген катчылыктын түзүлүшү болгонун баса белгиледи. Тиешелүү чечим КР президентинин жарлыгы менен расмийлештирилген. “2025-жылдын 29-сентябрынан тартыпкатчылыкты расмий каржылоо башталды, бул уюштуруу этабынан кеңештин милдеттерин жана тапшырмаларын туруктуу режимде ишке ашырууга өтүүгө практикалык мүмкүнчүлүк берет”, – деди Иминов.

Катчылыктын башчысы ошол эле учурда, протоколдук чечимге ылайык, кеңештин курамын КР президентинин кеңешчиси, Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону жана Binance’тин аймактык өкүлү Кирилл Хомяковду кошуу аркылуу актуалдаштыруу иштери жүргүзүлгөнүн айтты.

“Алардын кеңештин ишине катышуусу улуттук кеңештин эксперттик потенциалын олуттуу түрдө күчөтүп, кабыл алынган чечимдердин практикалык багытын камсыз кылат деп ишенебиз”, – деп кошумчалады ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост