Кыргызстанда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтүлөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстанда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтүлөрүн эскертет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда КР өкмөтүнүн 2015-жылдагы “Жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өлкө аймагындагы мал базарларды, мал союлуучу жайларды жана этти кайра иштетүүчү цехтерди ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Ветеринардык кызматтын кызматкерлери тарабынан тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган, көрсөтмөлөрдү толук аткарбаган жана ар бир жарандын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизерине жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Белгиленгендей, тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.