Кыргызстанда кызамык оорусу күч алууда. Жыл башынан бери 2 миң учур катталды

 Кыргызстанда кызамык оорусу күч алууда. Жыл башынан бери 2 миң учур катталды

Кыргызстанда дарыгерлер кызамык оорусунун сезондук күч алуусун белгилешти. Жалпысынан 2 миңге жакын учур катталды.

Ошол эле учурда оорунун деңгээлинин 15 пайызга акырындык менен төмөндөшү байкалууда.

Ал арада Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кошумча бөлүмдөр ачылды. Дарыгерлердин айтымында, жаңы бейтаптар келүүдө. Булар эмдөөдөн өтпөгөндөр жана бир жашка чейинки балдар.

Бүгүнкү күндө ооруканада 52 бейтап дарыланууда.

Связанный пост