Кыргызстанда курулуш тармагына жаңы камсыздандыруу өнүмү киргизилди

 Кыргызстанда курулуш тармагына жаңы камсыздандыруу өнүмү киргизилди

Кыргызстанда курулушчулар үчүн жаңы камсыздандыруу өнүмү иштелип чыгып, изке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жаңылык эки тарап үчүн тең чоң артыкчылык болмокчу.

Жаңы механизмдин маңызы эмнеде?

МКУ менен өнөктөштүк келишимине кол койгон алгачкы курулуш компаниясы — Vilar болду. Бул кызматташуунун алкагында компаниядан сатып алынган ар бир батир 3 жылдык камсыздандыруу менен берилет.

Башкача айтканда, сатып алуучу батирдин ачкычын алган учурда, ал батир автоматтык түрдө 3 жылга табигый жана техногендик коркунучтардан толук камсыздандырылган болот.

Негизги көрсөткүчтөр

Бир мүлк бирдигине жылына 1 млн сомго чейин камсыздандыруу суммасы каралган.

Сатып алуучулар үчүн — ишеним жана тынчтык;

Курулушчулар үчүн — кардарлардын ишенимин арттыруу жана беделди көтөрүү.

Камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, негизги максат — жарандарга жөн гана турак жай эмес, эртеңки күнгө болгон ишенимди тартуулоо. Тармакка жаңы жоопкерчилик жана сапат стандарттары киргизилүүдө.

“Биздин максат — Кыргызстандын курулуш тармагына жаңы сапат стандарттарын киргизип, өлкөнүн курулуш индустриясын трансформациялоо. Биз шаардын көрүнүшүн өзгөртүп, жашоочуларга жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулук жана коопсуздукту камсыздай турган жаңы муундагы турак жай объектилерин түзүүгө умтулабыз”, – дейт Vilar өкүлү.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Бул жаңы камсыздандыруу өнүмү камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө, компаниялар менен кардарлардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана курулуш тармагында социалдык жоопкерчиликтүү туруктуу тажрыйбаны калыптандырууга багытталган.

Турак жай — жашоодогу эң чоң инвестициялардын бири. Эми ал мурдагыдан да коопсуз!

Связанный пост