Кыргызстанда кумшекердин баасы туруктуу

 Кыргызстанда кумшекердин баасы туруктуу

Учурда Кыргызстандын заводдорунда кумшекердин 1 килограммы 62,50 сомдон. Бул тууралуу “Кошой” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана “Кайыңды-Кант” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, келечекте баанын төмөндөшү күтүлүүдө, бул жаңы жылдык майрамдарда салтка айланган тенденция.

“Жыл сайын жаңы жылга жакын кумшекердин баасы төмөндөйт. Быйыл да ушундай баанын арзандашы күтүлүүдө. Анткени, Россия жана Беларусь сыяктуу негизги жеткирүүчү өлкөлөрдө кумшекер ашыкча көлөмдө өндүрүлүп жатат. Сырттан келген продукциялардын баасы төмөндөп, биздеги баага да таасир этүүдө”, – деди Алтыбаев.

Ошону менен бирге ал Россиядан импорттолгон кумшекердин көлөмүнүн көбөйүшү ата мекендик өндүрүшчүлөргө кыйынчылык жаратарын белгиледи.

“Эгерде дыйкан жетиштүү киреше ала албаса, кийинки жылы кант кызылчасын айдабай коюшу мүмкүн. Бул болсо кайрадан канттын тартыштыгына жана баанын кескин өсүшүнө алып келет. Ошондуктан, продукциянын өздүк наркы менен дыйкандын кирешесинин ортосундагы тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү”,- деди ал.

Эске сала кетсек, “Кошой” жана “Кайыңды-Кант” кант заводдорунун маалыматы боюнча, Кыргызстан 2025-жылы 60 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүүнү пландоодо, бул өткөрүү запастарын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импортту эске алуу менен өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыздайт.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост