Кыргызстанда ковролин өндүрүлө баштайт

 Кыргызстанда ковролин өндүрүлө баштайт

Азербайжан-Кыргыз өнүгүү фонду менен “Орион Гранд” ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге кол коюлду.

Кол коюу аземине Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү дагы катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, келишимде заманбап ковролин өндүрүүчү ишкананы куруу долбоорун каржылоо каралган. Бул Кыргызстандагы өзүнүн түрү боюнча биринчи долбоор, анткени буга чейин ковролин толугу менен чет өлкөлөрдөн импорттолуп келген.

Долбоордун ишке ашырылышы өлкөдө ковролинди жергиликтүү өндүрүштө чыгарууга, импорттун бир бөлүгүн кыскартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүгүн чыңдоого өбөлгө түзөт.

Долбоордун жалпы наркы 3,2 млн долларды түзөт, анын ичинен 1 млн доллар Азербайжан-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан каржыланат.

Өндүрүш Кыргызстандын ички рыногуна гана эмес, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка өлкөлөргө экспортко багытталат.

Связанный пост