Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка ылайык, төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмдөөдөн өтүүгө болот: дене салмагынын индекси жогору болгон 35 жаштан ашкан аялдар, коштолгон оорулар – кант диабети, гипертония ж.б.
“Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Вакциналар тууралуу өз пикириңизди расмий ишенимдүү булактардын негизинде түзүүнү сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес.