Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 6,3 пайызды түздү
2024-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 11,4%га, азык – түлүк эмес товарлар – 5,1%, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 5,4%, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер – 8,1%га жогорулады.
Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, 2024-жылдын декабрында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык региондорунда катталды.
“Мында алардын максималдуу жогорулашы Ысык-Көл облусунда 7,7%га байкалган, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын 15,1%га жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 10,7%га кыйла өсүшү менен шартталган.
Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын максималдуу жогорулашы Бишкек шаарында 6,7%ды пайызга, ал эми азык-түлүк эмес товарларга Ош шаарында 8%га катталды”, – деди ал.