Кыргызстанда керектөө баалары жети айда 6,7 пайызга өстү

 Кыргызстанда керектөө баалары жети айда 6,7 пайызга өстү

Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 2026-жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул мезгилде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 5,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциялары 7,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 5,1 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 10,1 пайызга жогорулаган.

“Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Эң жогорку өсүш Ош облусунда – 14,9 пайыз болгон. Бул жерде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 11,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциялары 21,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 10,6 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 23,8 пайызга кымбаттаган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост