Кыргызстанда кар жаап, суук болушу күтүлөт
Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:
- Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз 4…-9°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11,
- Тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°,
- Тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°,
- Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19.
Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.