Кыргызстанда канча жеке ишкер бар экени белгилүү болду

 Кыргызстанда канча жеке ишкер бар экени белгилүү болду

2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 488 миңден ашык жеке ишкер (индивидуалдык ишкер) каттоодон өткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгынын башчысы Малика Абдукадирова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылы республиканын аймагында 24,6 миң чакан ишкана жана 905 орто ишкана иштеген. Дыйкан чарбаларынын саны 475 миңди түзгөн. 2023-жылга салыштырмалуу орто ишканалардын жана дыйкан чарбаларынын саны бир аз кыскарган.

“Чакан жана орто ишканалардын эң көп саны Бишкек шаарында иш жүргүзгөн – 18,6 миң ишкана, же алардын жалпы санынын 73 пайызга жакыны. Нарын облусунда алардын саны 337ни, же республикадагы чакан жана орто ишканалардын жалпы санынын 1,3 пайызын түзгөн. Ош облусунда 89 миңге жакын жеке ишкер катталган, бул алардын жалпы санынын 18 пайыздан ашыгы. Алардын эң азы Талас облусунда катталган – 16 миңге жакын. Ал эми Бишкек шаарында алардын саны 71 миңден ашык бирдикти түзгөн”, — деди ал.

Абдукадирова айыл чарба ишмердүүлүгү менен алектенген жеке ишкерлерди кошо эсептегенде, дыйкан чарбалардын эң көп саны Ош облусунда топтолгонун – 138 миңге жакын экенин белгиледи. Дыйкан чарбаларын эсепке албаганда, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин жалпы санынын 39 пайызы соода тармагында, 25 пайызы айыл чарба жана балык уулоо тармагында, 10 пайызы транспорт тармагында, ал эми 6%ы өнөр жайда иш жүргүзгөн.

“Жалпысынан, 2024-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү оң динамика менен мүнөздөлдү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, кошумчаланган дүң нарктын көлөмү 664,6 миллиард сомду түздү, же ИДПга карата 43,6 пайызды түздү. Эң чоң салымды жеке ишкерлер камсыз кылды – 282 млрд сомдон ашык, же 18,5 пайызды түзөт”, — деп билдирди адис.

Связанный пост