Кыргызстанда канча ГЭС курулуп, дагы канчасы ишке кирери айтылды

 Кыргызстанда канча ГЭС курулуп, дагы канчасы ишке кирери айтылды

2025-жылы Токтогул ГЭСин комплекстүү реабилитациялоо аяктап, станциянын кубаттуулугу 1200дөн 1440 мегаваттка чейин жеткирилип 240 мегаваттка көбөйтүлдү. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан гидроэлектр станциясы ачылган. Жыл аягына чейин кубаттуулугу 20,3 МВт болгон дагы 6 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

“Токтогул ГЭСинен тышкары жыл аягына чейин Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү пландалууда, анын техникалык ишке киргизүү этабы аяктады. Орто-Токой да Бала-Саруу ГЭСи сыяктуу өзгөчө инженердик чечимге негизделген экономикалык жактан натыйжалуу долбоор болуп саналат. Бул эки ГЭС тең толугу менен мамлекеттин өз күчү менен курулду”, — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле өлкөдө күн энергиясын өндүрүү багытындагы долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди.

“Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен күн энергиясын өндүрүү тармагы иш жүзүндө өнүгө баштады. 2025-жылы президенттин катышуусунда Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи ири күн электр станциясы ачылган. Быйыл Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында экинчи ири күн электр станциясы ишке кирди. Бул багыттагы иштер муну менен токтоп калбайт, өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү улантылат”, — деди минкаб төрагасы.

Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинде кубаттуулугу 120 МВт болгон экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканы маалымдалды. Долбоорду 2028-жылы аяктоо пландалган.

“Стратегиялык мааниге ээ Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы өткөрүлүп, иштер улантылууда. Андан тышкары, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо да уланууда. Анын кубаттуулугун 180ден 216 мегаваттка чейин көбөйтүү каралган. Станцияны 2026-жылдын аягына чейин ишке берүү күтүлүүдө. Ал эми кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак-1 ГЭСинин курулушу 2027-жылы улантылып, аны келерки жылдын жай айларында ишке киргизүү пландалууда”,-деди Касымалиев.

Ошондой эле энергетика тармагында электр энергиясын эсепке алуу системасын жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканы да кабарланды. 2026-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө 1 миллион 108 миң 700 акылдуу эсептегич орнотулган. 2027-жылдын аягына чейин бардык тиричилик абоненттерин акылдуу эсептегичтер менен камсыздоо пландалып жатканы кошумчаланды.

Связанный пост