Кыргызстанда камсыздандыруу төлөмдөрү 770 млн сомдон ашты

 Кыргызстанда камсыздандыруу төлөмдөрү 770 млн сомдон ашты

2025-жылдын 30-сентябрына карата республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 771,4 млн сомду түздү.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9 айындагы 547,6 млн сомго салыштырмалуу, бул көлөм 40,9 пайызга өскөн.

Жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ичинен ыктыярдуу камсыздандыруу 624,8 млн сомду түзөт, анын ичинде:

  • жеке камсыздандыруу – 137,1 млн сом;
  • мүлктү камсыздандыруу – 477 млн сом;
  • жоопкерчиликти камсыздандыруу – 10,7 млн сом.

Ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу – 146,6 млн сомду түздү, анын ичинде:

  • турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу – 24,8 млн сом;
  • жумуш берүүчүнүн кызматкер эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу – 2,5 млн сом;
  • автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) – 119,1 млн сом;
  • ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу – 0,2 млн сом.

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги үлүшүн мүлктү камсыздандыруу түзөт, ал жалпы камсыздандыруу сыйлыгынын 61,8 пайызын ээлейт. Жеке камсыздандыруу – 17,8 пайыз, милдеттүү камсыздандыруу – 9,8 пайыз, жоопкерчиликти камсыздандыруу – 1,4 пайызды түзөт. Ал эми бул аралыкта эч бир жаран өмүрүн камсыздандырган эмес.

Связанный пост